Загрузка документа…
ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 27 сентябры №95/ХХI–25
Жер тилкелерин бөлүштүрүү аны убактылуу пайдаланууга кум-шагыл иштетүүгө берүү жөнүндө келишимдер
Каржы бөлүмүнүн башчысы Камбарканов Н. маалыматын угуп, айылдын бюджетинин кирешесин которуу максатында
Интернационал айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы Мусакожаевге А. жер тилкелерин иштетип жаткан кум-шагыл карьерлери менен бирдикте келишимдер кайрадан каралып чыксын.
2. Кум-шагыл карьерлерин иштетүү боюнча убактылуу колдонууга берилген жер тилкеринин ижарага берүү жылына 12,0 миң сом.
3. Кум-шагыл карьерлерине Ысык-Ата мамлеккеттик каттоо бөлүмүнө ижарага алуу келишимдерин кайрадан катоо жүргүзүлсүн.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу бюджет жана каржы комиссиясынын туруктуу төрагасы Оморов С.С-га жүктөлсүн.
Интернационал айылдык кеңешинин төрагасы |
Рубас В.Г. |