Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-марты №147/XXXI-25
Жээк айылдык оругунун 2012-жылга бюджетин кароо жана бекитүү жөнүндө
Жээк айылдык округунун каржы-экономика бөлүмүнүн башкысы Н.Н.Козыреванын "Жээк айылдык округунун Жээк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" маалыматын угуп, талкуулап Жээк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээк айылдык округунун 2013-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 13343,5 миң сомдун өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен:
-айыл өкмөтүнүн бюджети - 3987,9 миң сом
-категориалдык гранттар - 9355,6 миң сом.
2. Бюджет боюнча эркин калдык 395,5 миң сом жана атайын счёт боюнча 15,0 миң сомдун өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жээк айылдык кеңешинин төрайымы |
З. Сыйналапова
|