Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-марты №152/XXXIII-25
Жээк айылдык округунун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө
Жайыт жерлерин пайдалануучулар комитетинин төрагасы Б.Б. Жумабаевдин 2012-жылга. жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтик баасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-июнь 2009-жылдагы № 386 токтому менен бекитилген Жайыт жерлерин пайдаланууга акы белгилөө боюнча типтүү жобосуна ылайык
Жээк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээк айылдык округунун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрү бекитилсин:
Жайыт жерлерди пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү үчүн:
Бодо малга - бир баш үчүн 100 сом
Бодо мал (торпоктор) - бир баш үчүн 80 сом
Майда мал жандыгына - бир башы үчүн 20 сом- (кой-эчки)
Жылкыларга - бир башына 100 сом
Башка тараптан жайыт жерлерин пайдалануучулар үчүн:
Бодо малга - бир баш үчүн 134 сом
Бодо мал (торпоктор) - бир баш үчүн 94 сом
Майда мал жандыгына - бир башы үчүн 27 сом- (кой-эчки)
Жылкыларга - бир башына 134 сом
2. Алыскы жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдөрү бекитилсин:
- Бодо малга - бир баш үчүн 30 сом
- Майда мал жандыгына - бир башы үчүн 10 сом- (кой-эчки)
- Жылкыларга - бир башына 30 сом
3. Айыл тегерегиндеги жайыттарды пайдалануу үчүн акысы бир баш саан уйга 30 сомдун ченеминде бекитилсин.
Жээк айылдык кеңешинин төрайымы |
З. Сыйналапова
|