Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30 июлу №87/21/25
Жер тилкелерин чарбакка алуу үчүн жашоочулардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Агрардык суролор боюнча туруктуу комиссиянын 26.06.2012 жылдагы 0,05гадан чарбакка жер тилкелерин алуу үчүн жашоочулардын тизмесин бекитүү жөнүндө протоколун карап чыгып, Келечекте Киршелк айылынын №34, 95 контурун жерлери жеке менчик турак жай куруу үчүн аларга бекитилет.
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын "Люксембург айылдык округунун жер тилкесин "Айыл чарбага багытталган" жерлер категориясынан "калк конуш жерлери" категориясына которуу жөнүндө" № 225-Р 16.07.2012ж. буйругунун негизинде жана тиешелүү кызматтардын корутундууларына ылайык
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келечекте Киршелк айылындагы № 95 жана № 34 контурундагы "Айыл чарбага багытталган жерлер" категориясынан "калк конуш жерлери" категориясына которулган жер тилкелерин жеке менчик турак жай куруу үчүн аларга бекитилет, тиркелген тизмеге ылайык, жер тилкелери 0,05гадан чарбакка колдонуу үчүн берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Оторбаев |