Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29 июну №79/20/25
Жер тилкесин "айыл чарбага багытталган жерлер" категориясынан "калк конуш жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11 жана 13 беренесина ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.01.2008 ж.№19 токтомунда бекитилген, жер тилкесин бир категориядан экинчи категорияга, же бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, №34 ноктурда жайгашкан жер тилкесин которуу жөнүндө даярдалган материалдарын талкуулап, карап чыгып
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №34 ноктурда жайгашкан жалпы аянты 1,1га болгон жер тилкесин "айыл чарбага багытталган жерлер" категориясынан "калк конушу" категориясына которуу (трансформациялоо) жазалсын.
2. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан учурдагы токтомду бекитип берүүсүн суранат.
3. Токтом дун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жана Люксембург айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Оторбаев |