Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели № 15/III-26
Айыл чарбасында колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин" "Айыл чарбасьшда колдонулбаган жерлерди колдонууда салынган жер салыгынын аймактык К-3 Коэффициентин бекитүү жөнүндө" 1 бөлүмүнүн 337 - беренесинин жана 4 бөлүмүнүн 339 - беренесинин негизинде, Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чарбага баш ийбеген бирикмелерге айыл өкмөтү тарабынан КЗ-1.0 коэффиценти бекитилсин.
2. Логвиненко айыл аймагында таштандыларды чыгаруу боюнча чени юридикалык жактардын ар - бир жеке ишкерден 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы салык боюнча башкы адис Байсова Жылдыз Таштамбековнага жана айылдык Кеңештин каржы жана бюджет боюнча турукктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
Бейшеналиев Н.К. |