Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-апрели № 20/III-26
Айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндө
Логвиненко айыл аймагынын башчысы С.Эсенбековдун таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп талкуулап чыгып, Логвиненко айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштандыларды чыгаруу үчүн ар бир жашоочудан-10 (он) сом өлчөмүндө ченди коюу менен ушул жылдын ичинде төлөө мөөнөтү бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Логвиненко айыл аймагынын башчысынын орун басары А. Доронбековго .жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
Бейшеналиев Н. К. |