ТоктомКүчүндө

Кең-Булун айылдык кеңешинин 2012-жылдын 30-мартындагы №137/XIX-25 «Кең-Булун айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн Кз жер салыгы жана кыймылсыз мүлккө салык боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө» токтому

Редакция30.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЕҢ-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 30 марты №137/XIX-25

Кең-Булун айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн Кз жер салыгы жана кыймылсыз мүлккө салык боюнча зоналдык коэффицентин аныктоо жөнүндө

02.10.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4 пунктун аткаруу боюнча, айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы киргизүү жана мүлк обьектисине тейлөнүүчү салык баасын аныктоо тартиби жөнүндө 327-берененисин аткаруу максатта Кең-Булун айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Булун айылдык округунун аймагында айыл чарба эмес жерлерин пайдалануу үчүн жана юридикалык жана жеке жактардан кыймылсыз мүлккө жер салыгынын заналдык коэфифиценти Кз – 1,0 аныкталсын.

2. Кең-Булун айылдык округу:

- Бул токтомду нормативдик-укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына көрсөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссияга жанаайылдык округдун каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кең-Булун айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М. Джумабаев