Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-марты №23/III-26
Кең-Булуң айылдык округу боюнча маалым кат жана бланктар үчүн салык чогултуудагы баалардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Жооптуу катчынын «Кең-Булуң айылдык округу боюнча маалым кат жана бланктар үчүн салык чогултуудагы баалардын тизмесин бекитүү жөнүндө» маалыматын угуа жана талкуулап Кең-Булуң айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.04.2013-жылдан тартып тиркемеге ылайык Кең-Булуң айылдык округу боюнча маалым кат жана бланктар үчүн салык чогултуудагы баалардын тизмеси бекитилсин.
2. Маалым кат берүүдө акы төлөөдөн бошотулсун: Улуу Ата Мекендик согуштункатышуучулары, ооган аскерлери, ЧАЭС катышуучулары, жөлөк пул алуучу майыптар, аскерге чакырылуучулар, пенсионерлер, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары «жооптуу катчы» абзацы боюнча с п 1-2.
3. Маалым кат жана бланктар үчүн чогулган салык каражаты айыл өкмөттүн атайын счетуна корторулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
Р. Мадинцеев |