Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-марты № 27/III-26
Кең-Булуң айылдык округда жайгашкан жерлерди жер категорияларына ылайык пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Кең-Булуң айылдык округунун № 149 жана 180 контурунда жайгашкан жер ээлеринин арызын карап жана талкуулап жана 07.02.2013- жылдагы № 01-8-72 ГП ГПИЗ «Кыргызгипрозем» каты, чек араларды чектөө жөнүндө 15.03.2013-жылдагы акт, жана ошондой эле Дружба айылынын тургундарынын жеке турак жай курууга жер тилкелерин берүү суроосун жарым жартылай чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 жана 49-беренелерине ылайык Кең-Булуң айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Булуң айылдык округдун аймагында жайгашкан жер тилкелерин тиешелүү жер тилкелеринин категориясына келтирилсин:
-Жер ээлери Нусыр Х.И., Бишанло А № 180 контурдагы 1,4 га жер үлүшүн сугат жер катары пайдаланууну токтотушсун, «Калк конуштар жерлери» категориясына ылайык короо жай катары пайдаланууга уруксат берилсин.
-№ 149 контурдагы 1,76 га аянтттуу жерди Медреседен короо жай фондуна бириктирилсин;
2. Жер ээлери 1- пункта көрсөтүлгөн, бекитилген тартипте курулуштун генералдык планын иштеп чыгып, жер тилкелерин жер категориясына ылайыкташтырышсын.
3. Кең-Булуң айыл өкмөтү жер категориясына ылайык жерлерди пайдалануу боюнча тиешелүү чечимдерди чыгарышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Булуң айылдык кеңешинин жер суроолору боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
Р. Мадинцеев |