Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 27/IV-26
Көлмөлөрдүн ижара акысын көтөрүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл аймагынын 2013-жылдын 24-июнунда өткөн жер комиссиясынын отурумунун "Узун-Кыр айылдык округунун аймагында көлмөлөрдүн ижара акысын көтөрүү жөнүндөгү" № 5 протоколунун негизинде Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айылдык округунун аймагындагы көлмөлөрдүн ижара акысы 1,0 га жер тилкесине 10000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ижарага алый жүргөн көлмө ээлери менен ижара келишимин кайра түзүү каралсын.
3. Бул токтомдун жалныга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нормативдик-укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл аймагынын кеңешинин аграрлык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагаоына жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абиров
|