Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 28/IV-26
Шах-Расул" ишканасы ЖЧКнан айыл тургундарына арзандатылган баада сатылган кышка чектөө коюу жөнүндө
Узун-Кыр айыл аймагынын 2013-жылдын 21-июнда өткөн жер комиссиясыпын отурумунун "Шах-Расул" ишканасы ЖЧКнан айыл тургундарына арзандатылган баада сатылган кирпичке чектөө коюу жөнүндөгү № 5 протоколунун негизинде Узун-Кыр айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шах-Расул' ишканасы ЖЧКнан айыл тургундарына арзандатылган баада (кирпичтин баасы 3 сом 60 тыйын) сатылган кышка 2013-жыдга 220 миң өлчөмүндө чектөө коюлсун.
2. Арыз ээсине 15000 (он беш миң) даана өлчөмүндөгү кыш арзандатылган баада, анлан ашыгы базар баасында берилен жана ишканадан ар айда 60000 (алтымыш миң) даана өлчөмүндө жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун жалпыга маадымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республиксынын Юстиция министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл аймагынын кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктул комиссиясынын төрагасы М.Сыдыгалиевге жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абиров
|