Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 32/IV-26
Инвестициялык чыгымды Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Узун-Кыр айыл аймагынын 2013-жылдын 4-июнунда № 8 буйругу менен түзүлгөн ишке ашкан микродолбоорду баланска алуу боюнча комиссия сунуштаган иш кагаздарын карай чыгып, Жер-Казар айылына '"Мал сугаруу учүн жаймаларды орнотуу" микродолбооруна кеткен инвестициялык чыгымды баланска берүү боюнча түзүлгөн актынын негизинде. Узун-Кыр айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер-Казар айылына мал сугаруу үчүн жаймаларды орнотуу"' микродолбоору боюнча 2013-жылдын 5-июнунда түзүлгөн баланска алуу актысына ылайык бардыгы 261000 (эки жүз алтымыш бир миң) сом өлчөмүндөгү инвестициялык чыгым Узун-Кыр айылдык округунун балансына алынсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл аймагынын каржы-экономикаллык бөлүмүнүн башчысы А.Ш.Жасыбаевага жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абиров |