Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 33/IV-26
Узун-Кыр айылдык округунун Төмөнкү-Нopyc Жер-Казар, Дружба айылдарынын ичинде маршруттук атоунааларда жүрүүнүн акысын бекиүү жөнүндө
Төмөнкү-Норус, Жер-Казар, Дружба айылдарынын ичинде маршруттук автоунааларда жүрүүнүн акысын төмөндөтүү жөнүндөгү "Айыл тургандарынын кайрылуусу жана Узун-Кыр айыл аймагынын жер комиссиясыпын 2013-жылдын 24 июнунда өткөн отурумунун № 6 протоколунун чечиминин негизинде Узун-Кыр айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын тургундары үчүн Төмөнкү-Норус, Жер-Казар, Дружба айылдарынын ичинде маршруттук автоунааларда жүрүүнүн акысы 5 (беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл аймагынын пенсионерлери, мектен окуучулары, бюджетгнк мекемелердин, коомдук бирикмелердин жана менчик формасына карабай бардык мекемелердин кызматкерлерй айыл ичинде маршруттук автоунааларда бекер жүрүүсү бекитилсин.
3. "Төмөнкү-Норус-Жер-Казар-Бишкек" "Дружба-Жер-Казар-Бишкек" маршруттук автоунаалардын айдоочуларына маршруттук графикти сактоо тапшырылсын жана жүргүнчүдөргө карата болгон мамилелердин этикалык нормасы сакталсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинии нормативдик укуктук актыларынын тизмсеипе киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көземөлдөө Узун-Кыр айыл аймагынын кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
Узун-Кыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |