Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28 октябры № 01-1/54
Крупская атындагы айылдык аймагында мүлккө жана жерге салык киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3 бөлүгүнүн 31 беренесине ылайык жана 2008 жылдын 17 октябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү № 231 Мыйзамдын 3 бөлүгүнүн 3-чү беренесинин негизинде,
Крупская атындагы айылдык Кеңештин 26-чы чакырылышынын кезексиз 8-чи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупская атындагы айылдык аймагында 2014 жылдын 1 январынан баштап мүлккө жана жерге салынуучу салык киргизилсин.
2. 1-пункта киргизилген салыктар Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине мамлекеттик нормативтик актыларынын реестерине киргизүү үчүн жиберилсин
4. Токтом расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана пландоо боюнча туруктуу депутатык комиссиянын төрайымы Э. Сагымбаевага жүктөлсүн .
Крупская атьндагы айылдык Кеңештин төрагасы |
А. Долоталиев |