Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-октябры № 25/7-26
Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентин К3 аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 02.10.2008 ж. Салык Кодексинин 339-беренесинин 4п. ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлкттүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327 беренени аткаруу максатында Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-2014 жылга айыл чарба багындагы эмес жерлерди колдону үчүн жана юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициентти К-1 өлчөмдө аныкталсын.
2. Бул токтом Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Эминов |