Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-октябры № 26/7-26
Юрьевка айылдык округунун таза суу колдонуу баасын жогорулатуу жөнүндө
«Юрьевка» СООППВнын таза сууну колдонууда баасынын жогорулатуу жөнүндө берген маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, күйүчүү майлардын жана азык-түлүк жана комуналдык тейлөө кызматтарынын бааларынын жогорулашы менен сууну колдонуу баасын жогорулатуу зарыл болгондуктан Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юрьевка айылында таза суунун колдонуу баасы 2014-жылдын 1-январынан баштап 1 кишиге 13-сомдон бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Эминов |