Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-октябры № 27/7-26
Юрьевка айылындагы көрүстөнгө сөөктү коюунун төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» мыйзамынын 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башкармалыгынын ишбилгилигине кирген маселелер жана милдеттерди аткаруу максатында Юрьевка айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юрьевка айылдык округунун аймагында жашаган жана ушул аймака кирген айылдарда туулуп өскөн, бирок азыркы учурда аймактан тышкары жашаган адамдардын сөөгүн көрүстөнгө коюу бекер жүргүзүлсүн.
2. Юрьевка айылдык округунун аймагында тулуп өскөн, бирок азыркы учурда айылда жашабаган адамдардын туугандарына жана ушул аймакта каттоодо турган, бирок жашабаган адамдардын сөөгүн көрүстөнгө коюу – 4000 (төрт миң) сом төлөө менен жүргүзүлсүн.
3. Юрьевка айылдык округунун аймагында жашабаган, каттоодо турбаган жана чоочун адамдардын сөөгүн коюуга уруксат берилбесин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Юрьевка айылдык округунун кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Эминов |