Загрузка документа…
МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-сентябры № 26/12-26
Спирт ичкилерди сатууга Штрафтык санкциаларды коюу жөнүндө
Айыл башчысы Н.Чоштиеванын жана участоктун инспектору С.Тажыкановдун “Спирт ичкиликтерине тыюу салынуу жана бузуу учурунда штрафтык санкцияларды киргизүү” жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Милянфан айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милянфан айыл аймагында саат 17-00 кийинки кундун саат 8-00 чейин спирт ичкиликтерин сатууга тыюу салуу.
2. Бул токтомдун чечимин бузуу учурунда штрафтык санкцияларды: 500 сомго барабар, экинчи жолу 3,0 миң. сом, үчүнчү жолу дүкөндү жабуу кылып бекитүү.
3. Милянфан айыл аймагынын катчысы З.Мусарова, бул токтомду Мамлекеттик нормативдик актылары реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрилиге жөнөтсүн.
4. Участоктук инспектору С.Тажыканов жана айыл башчысы Н.Чоштиева бул токтомго ылайык бекитилген убакытта спирт ичкиликерди сатылбоону көзөмөлдөшсүн.
5. Бул токтомдун аткаруусун көзөмөлдөө Милянфан айыл аймагынын башчысынын ишин аткаруучу А.С.Абдраевге жүктөлсүн.
Милянфан айылдык кеӊешинин төрагасы |
Р. Бегалиев |