Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 230сентябры № 32/VI-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Нурманбет айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:
-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым
2.Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 50 сомдон деп бекитилсин
3. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин.
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мусакеев |