Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23 сентябры № 31/VI-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффицентин К3 аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-ж Салык Кодексинин 339-беренесинин 4п. ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө 327-беренени аткаруу максатында Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди калктуу конуштардын жерлерин колдонуу үчүн юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффиценти К3 1,0 өлчөмдө аныкталсын.
2.Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мусакеев |