Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-сентябры № 26/5-26
Бирдик айыл аймагынын алдында дин иштери боюнча коомдук комитет түзүү жѳнүндѳ
Бирдик айыл аймагынын алдында дин иштери боюнча коомдук комитет түзүү жѳнүндѳ маселени карап жана талкуулап чыгып, «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жѳнүндѳ» 2008- жылдын 31-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын №282 Мыйзамынын 1-беренесинин 2- пунктуна ылайык Бирдик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дин иштери боюнча коомдук комитет тѳмѳнкү курамда түзүлсүн:
1. Л.Г. Лиров-имам.
2. К.С. Осмоналиев- имам.
3. Д.С. Миншанло-аксакалдар сотунун мүчѳсү.
4. У.И. Нуров-айылдык кеңешинин депутаты.
5. К. Сулайманов- милициянын участкалык инспектору.
6. Н.Д. Турумбекова- Кызыл-Милянтан орто мектебинин октуучусу.
7. Н.О. Абакирова – аялдар советинин мүчѳсү.
2. Дин иштери боюнча коомдук комитет ѳзүнүн ишмердүүлүгүн « Дин иштери боюнча коомдук комитет жѳнүндѳ» типтүү жобого ылайык жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу Бирдик айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
Бирдик айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Шурбеков |