Загрузка документа…
АЛМАЛУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-октябры № 10
Алмалуу айыл аймагында мүлккө жана Жер салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саалык кодексинин 31–беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008–жылдагы № 231 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизуу тууралуу» Мыйзамынын 3 – беренесинин 3 – бөлүгүнө ылайык Алмалуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алмалуу айыл аймагында 2014 жылдын 1-январянан баштап төмөнкү салыктар киргизилсин:
-Мүлк салыгы;
-Жер салыгы.
2. Ушул токтомдун 1 – пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик укук–ченем актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
5. Токтомду аткаруу жагын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Алмалуу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. К. Абдинасиров |