Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели №20
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн административдик
аймактык чек арасын аныктоого
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Өзүн-өзү башкаруу” мыйзамынын 2.беренесине ылайык,КР” административдик аймактык жайгаштыруу жөнүндө мыйзамдагы 12.беренесине таянып,КР.курулуш жана региондорду өнүктүрүү ” боюнча Мамлекеттик Агенствосунун №КН 21/а-377 06.04.2012ж. чыккан токтомунун негизинде ,КР. КГПК “Кыргызгипрозем” институту тарабынан даярдалган Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн административдик-аймактык чек араны Кызыл-Туу айыл Кенешинин №2 23 мартта чыгарылган комиссиясынын чечиминин негизинде Кызыл-Туу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КР. Жогорку Кенешинин административдик-аймактык.,айыл чарба министирлигине караштуу КГПИ “Киргизгипрозем” институту тарабынан даярдалган чечимине макулдук берилсин.
2. Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн административдик-аймактык чек араны бекитүү жөнүндөгү Кызыл-Туу айылдык кенешинин токтомун колдоп .КР. Жогорку Кенешинин аталган долбоорду бекитип берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусу жиберилсин.
3. Айыл өкмөт башчысы З.Нурмамбетов Сокулук Райондук Мамлекеттик администрацичсына бардык даярдалган иш-кагаздарын жөнөтсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтунүн алдындагы жер комиссиясынын төрагасына З.Өмүровго жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрайымы | Сыдыгалиева Дж
|