Загрузка документа…
А. ДУЙШЕЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-октябры № 10
А. Дуйшеев атындагы айыл аймагында мүлккө жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саалык кодексинин 31–беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008–жылдагы № 231 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизуу тууралуу» Мыйзамынын 3–беренесинин 3–бөлүгүнө ылайык А. Дуйшеев атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Дуйшеев атындагы айыл аймагында 2014 жылдын 1-январынан баштап төмөнкү салыктар киргизилсин:
- Мулк салыгы 1,2,3,4 топтору;
- Жер салыгы.
2. Ушул токтомдун 1 – пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик укук–ченем актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
5. Токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча комиссиясынын төрагасы Ж. Чокоевге милдеттендирилсин.
А. Дуйшеев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Д. Эшмамбетов |