Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 12-декабры № 67/11-3
К3 зоналык коэффициентинин
маанисин бекитүү жөнүндө
Токмок шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башкаруучусу К.А.Супатаевдин өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Токмок шаарындагы айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгы боюнча салык базасын эсептөө үчүн К3 зоналык коэффициентинин мааниси бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Дж.Таманбаев |