Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылы 9-марты № 212/36-2
Республикалык адистештирилген
Балдар үйүн муниципалдык
менчикке кабыл алуу жөнүндө
Токмок шаарынын ММБ башчысы Б.А.Байсаковдун, Республикалык адистештирилген Балдар үйүнүн башкы дарыгери Т.П.Гриньконун Республикалык адистештирилген Балдар үйүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө өтүнүч катын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алып
Токмок шаардык кеңешин XXXVI сессиясы
токтом кылат:
1.Токмок шаарынын ММБсы Республикалык адистештирилген Балдар үйүн муниципалдык менчикке кабыл алсын.
2.Токмок шаарынын мэриясы тарабынан комиссия түзүлүп жана Республикалык адистештирилген Балдар үйүнүн имаратын жана курулмаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу - өткөрүү жүргүзүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, профилдик депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы: |
М.Джаманбаев |