Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 28-февралы ПЖ № 91
М.С.Султанов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 6-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Султанов Марат Сейтбаевич Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасынын кызматынан бошотулуп, беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |