КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 28-февралы ПЖ № 93
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
сотторунун судьяларынын ыйгарым
укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн
жиберүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Токтосунов Эрланбек Сапарбекович - жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалалабат облусунун Аксы райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Архарова Кымбат Кадыровна - жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Бирини май райондук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Турумбекова Джилдыскан Насыркановна - жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ысыккөл облусунун Ысыккөл райондук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |