Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 31-июлу ПЖ № 271
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы"
мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын темир жол транспорту жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Даңк" медалы
менен сыйлансын:
Мирсултанов Авазбек - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн Ош
станциясынын поезддерин түзүүчүсү;
Смирнов Александр Константинович - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн станциясынын жүк ташуучу поезддеринин кондуктору;
"Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер"
деген ардактуу наам берилсин:
Музафаров Султан Борисовичке - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Бишкек-1 станциясынын электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча филиалынын ЭБ постунун улук электромеханиги;
Федотов Виктор Федоровичке - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын вагон чарба боюнча филиалынын автоконтролдук пунктунун бригадири;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Жумакадыров Берис - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө
боюнча филиалынын шаар аралык каттамдардын жүргүнчүлөр вагондорунун коштоочусу;
Комарь Александр Николаевич - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын локомотив чарбасы боюнча филиалынын тепловозунун машинисти;
Назаров Александр Афанасьевич - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын маалыматтык-эсептөөнү камсыз кылуу боюнча филиалынын эсептөө техникасынын каражаттарын киргизүү,
эксплуатациялоо жана оңдоо бөлүмүнүн начальниги;
Шамырканов Каныбек Осмонович - "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын жүк жүктөө-түшүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча филиалынын штабель жаткыргычынын айдоочусу.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |