Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 28-февралы ПЖ № 97
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун
Өзгөн районундагы Алтын-Булак, Мырзаке
айылдык кеңештерине, Араван районундагы
Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине
депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 6-пунктун, 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7- жана 80-беренелерин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Алтын-Булак, Мырзаке айылдык кеңештерине, Араван районундагы Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2008-жылдын 4-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн финансы каражаттарын белгиленген тартипте бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарды сактоону камсыз кылсын.
4. Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмеси менен камсыз кылсын жана аларга шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |