Редакцияот 07.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 7-февралы ПЖ № 24

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин

 чечимин ишке ашыруу тууралуу

 

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-февралында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө маселени карап чыкты жана эгемендиктин биринчи жылдарында калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонушунун практикасын жаңылыш деп тааныды.

Адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системасын түзүү зарылдыгы мамлекеттин биринчи кезектеги милдети деп аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20, 32, 45, 60 жана 65-беренелерин, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик уюмдары жана мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечиминде аныкталган милдеттерди аткарууга жана чараларды ишке ашырууга кечиктирбестен киришсин.

2. Жарандык коомдун уюмдарына, диний уюмдарга, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына өздөрүнүн практикалык ишин конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө багыттоо, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жогоруда аталган чечиминен келип чыккан милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара жигердүү аракеттенүү сунуш кылынсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев