Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 25-январы ПЖ № 13
Б.С.Рыскулова, А.Сагындыков, Э.М.Сейдахметова
жана башкалар жөнүндө
Өнөржай жана республикада ишкерликти өнүктүрүү жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйлансын:
Рыскулова Бурулсун Сатаровна - Ысыккөл облусундагы "Төштүк-Каракол" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти"
деген ардактуу наам берилсин:
Сагындыков Арстанбекке - Чүй облусундагы "Бишкеквинком" жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору;
Сейдахметова Эльмира Мусуратбековнага - Бишкек шаарындагы "Кыргызинстрах" кыргыз-россиялык биргелешкен жабык камсыздандыруу акционердик коомунун башкармасынын төрайымы;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлансын:
Арапбаев Мухтар Абдуллажанович - Жалалабат облусундагы "Айгүл" Универмагы" акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Халилов Гияс Исмаилович - Бишкек шаарындагы "Лина" жоопкерчилиги чектелген коомдун башкармасынын төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |