Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 30-январы ПЖ № 20
2006-жылы Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм
өнөр жана архитектура жагында Токтогул атындагы
мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин чечимин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин төмөнкү маданият ишмерлерине 2006-жылы Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты жана лауреат деген наамды ыйгаруу жөнүндө 2006-жылдын 25-октябрындагы чечими бекитилсин:
акын Ибраев Эсенгулга - "Насыят" ырлар жыйнагы үчүн (көзү өткөндөн кийин);
опера ырчысы Касымов Эркин Өмүркуловичке - концерттик-аткаруучулук программасы үчүн;
драматург жана коюучу Раев Султан Акимовичке - "Ханышанын көз жашы" спектакли үчүн;
айкелчи Батырбаев Байысбек Мураталиевичке жана архитектор Солтобаев Асылбек Молдошевичке "Айкөл Манас жана Кырк чоро" архитектуралык-айкелдик ансамбли үчүн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |