Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 30-январы ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын
контракттык негиздеги атайын багыттагы
взводун түзүү жөнүндө
Мамлекеттик маанидеги объекттерди кайтарууну жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2007-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы өзүнчө отрядында контракттык негизде атайын багыттагы өзүнчө взвод түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын колбашчысы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жаңы штаттык түзүмүн 2007-жылдын 1-февралына чейин белгиленген тартипте бекитүүгө сунуш кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |