Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 5-февралы ПЖ № 25
Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана
"Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн
конкурстук тандоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарын уюштуруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен мамлекеттик сыйлыктарды - "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарын уюштурууга байланыштуу токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча № 1 тиркемеге ылайык конкурстук комиссия түзүлсүн.
2. Конкурс "Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө Жобого ылайык өткөрүлсүн (№ 2 тиркеме).
3. Конкурстук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссия конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча, бирок үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен уюштурулган мамлекеттик сыйлыктардын сүрөттөлүшүнүн, үлгүлөрдүн долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгынын № 1 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасы;
Нурматова Атыргүл Тажиковна - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгынын башчысы, комиссиянын координатору.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Акунов Бейшебек - коомдук ишмер;
Керексизов Ташкул Жанузакович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Курманов Таалай - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы;
Макашов Султанбек - "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк Улуттук бирикмесинин башкы директору;
Сулайманов Калыбек Карыпбаевич - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун зергердик цехинин начальниги;
Шафир Александр Львович - геральдика боюнча адис;
Шыгаев Юристанбек Абдиевич - Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин станоктук жана монументалдык живопись кафедрасынын башчысы;
Юсупова Майрамкан Ажибековна - Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору.