Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгынын № 2 тиркемеси |
Конкурска Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандары - геральдика боюнча адистер, сүрөтчү-дизайнерлер катыша алат.
Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн иштеп чыгууда мамлекеттик, улуттук символиканын жана оюу-чиймелердин элементтери, дүйнөлүк геральдика маданиятынын мыкты жетишкендиктери пайдаланылганы алгылыктуу.
Сыйлык белгилердин өндүрүү технологиясын, эритмелерди, асыл таштарды жана башка материалдарды сөзсүз эсепке алуу үлгүлөрдү иштеп чыгуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
Белгилерди ар кандай мүмкүн болуучу жасалма жасоодон коргоо чаралары көрүлүүгө тийиш.
Алтын жана асыл таштар "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы жана Кыргыз Республикасынын "Манас" ордени үчүн гана колдонула тургандыгын белгилей кетүү керек.
Баалуу жана түстүү металлдардан (жез, коло, томпак, латунь, мельхиор) башка түстүү ысык эмаль (колдонуу ыкмасы - чуңкурлуу, кырдуу тосмолуу жана жылма) колдонулушу мүмкүн.
Долбоорлордун технологиялык сүрөттөлүшүн түзүүдө колдонулуучу материалдарды, ал эми техникалык чиймелерде бардык өлчөмдөр 1:1 масштабында миллиметр менен (узундугу, жазылыгы, бийиктиги, диаметри жана кесилиши), башкача айтканда, белгинин натуралык чоңдугу көрсөтүлүүгө тийиш. Белгинин ариптик текстинин тамгаларынын көрсөтүлүшү да алгылыктуу (алар рельеф жана контррельеф, башкача айтканда, томпок же чуңкур түрүндө аткарылат).
Үлгүлөрдүн долбоорлорунун түстөрүнүн чечилишинде ар бир түстүн ортосун бөлүп туруучу чийиндер түстүү ысык эмалды пайдаланууда колдонулган баалуу же түстүү металлдардын түстөрүнө негизденүү менен көрсөтүү зарыл, алардын жок болушу түстүү көркөм сүрөттүк чечилиштерге жана белгини технологиялык жактан жасоого терс таасирин тийгизет.
Иштелип чыгып жаткан бардык үлгүлөрдө тагып жүрүү үчүн бекитүү ыкмалары (ар кандай түрдөгү төөнөгүчтөр, сайы бар бурамалуу бекиткичтер, декорациялык чынжырчалар ж.б.) колдонуу каралган.
Эгерде, иштелип чыккан белги бир нече бөлүктөрдөн, башкача айтканда, тактача жана илгичтен турса, анда техникалык чиймеде бириктирүүчү звенолордун өлчөмү жана профили көрсөтүлүүгө тийиш.
Өндүрүшкө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы медалдарынын долбоорлору түзүүчүлөргө кийин белгилерди өнөржайлык нускалоодо сыйлык акы төлөп бербестен, автордук укуктарын сактап калуу менен республиканын менчиги болуп калат.
Сунуш кылынган үлгүлөрдүн жана сүрөттөлүштүн долбоорлору ушул Жарлык жарыяланган күндөн баштап бир айдын ичинде кабыл алынат.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы № 25 Жарлыгынын № 2 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн тандоо боюнча конкурс жөнүндө ЖОБО