Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 26-августу ПЖ № 288
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу
Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-главанын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана Иш башкармасы - материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу Кызматы" деген бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана Иш башкармасы | |||
Жогорку кызмат орунду | |||
Ж1 | Башкарманын начальниги | ||
Ж2 | Башкарманын начальнигинин орун басары Бөлүм башчы Басма сөз-кызматынын жетекчиси Кызматтын жетекчиси | ||
Ж3 | Бөлүм башчынын орун басары Төраганын басма сөз-катчысы Басма сөз-кызматынын жетекчисинин орун басары Кызматтын жетекчисинин орун басары Депутаттык фракциянын катчылыгынын башчысы | ||
Башкы кызмат орду | |||
Б1 | Сектор башчы Иш башкармасынын бөлүм башчысы | ||
Б2 | Эксперт Иш башкармасынын бөлүм башчысынын орун басары | ||
Б3 | Улук консультант Иш башкармасынын сектор башчысы | ||
Улук кызмат орду | |||
У1 | Консультант Башкы адис | ||
У2 | Иш башкармасынын башкы адис | ||
- "Мамлекеттик саясый жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары" деген 19-главада:
"Башкы кызмат орду" категориясындагы "Б2" тобундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчисинин жардамчысы" деген сап алып салынсын;
"Улук кызмат орду" категориясындагы "У1" тобу төмөнкү мазмундагы биринчи сап менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |