Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 6-октябры ПЖ № 357
2008-жылы 5-октябрда Ош облусунун Алай
районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен
курман болгондор боюнча Кыргыз Республикасында
2008-жылдын 7-октябрын аза күтүү күнү деп
жарыялоо жөнүндө
2008-жылы 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Сарыташ айыл өкмөтүнүн аймагында жер титирөө болуп өттү, анын кесепетинен адамдар курман болуп, турак үйлөр жана чарбалык курулуштар кыйраган, жолдор бузулган.
Азыркы учурда тийиштүү кызматтар жапа чеккендерге кечиктирилгис жана башка жардамдарды көрсөтүп жатат.
Курман болгондорго аза күтүү менен, алардын тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондор боюнча Кыргыз Республикасында 2008-жылдын 7-октябры аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар көрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте курман болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү, бөөдө кырсыктын кесепетин жоюу боюнча толук чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |