Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 27-ноябры ПЖ № 509
2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын
жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө
мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
2008-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө күн мурдатан даярдык көрүү жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселесин чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүү менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү санала тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- төмөнкүлөргө каралган каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын:
республиканын, өзгөчө жаратылыш-климаттык шарттары оор жана жагымсыз райондордун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө товардык кредит берүү үчүн жогорку сапаттагы сорттуу үрөн сатып алууга;
кийин брондон бошотуу жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө салынган баасында сатуу үчүн мамлекеттик материалдык резервге 10 миң куб метрлик дизель отунун коюуга;
- бир айлык мөөнөттө төмөнкүдөй финансы каражаттарын издеп тапсын:
айылчарба техникасын сатып алууга жана кийин аларды айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүү үчүн 200 миллион сом өлчөмүндө;
минералдык жер семирткичтерди сатып алууга жана кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө товардык кредит катары берүү үчүн 30 миллион сом өлчөмүндө;
- товар өндүрүүчүлөрдү кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу максатында "Айыл банкы" ачык акционердик коомуна кийин 7%дан ашпаган өлчөм менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредит берүү шарты менен жылына 1%дык өлчөм менен 100 миллион сом өлчөмүндө 1 жылдык мөөнөткө ссуда берсин;
- бир айлык мөөнөттө азык-түлүк коопсуздугу жана айылчарбасында камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- үч айлык мөөнөттө айылчарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуу системасын иштетүү механизмдерин иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат жана уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |