КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 13-марты ПЖ № 91
Ж.Шабданкулов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 3-пунктчасына жана 83-статьясынын 6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордун ээлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген курактык чекке жеткендигине байланыштуу Шабданкулов Жеңишбек 2007-жылдын 1-мартынан баштап Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |