Редакцияот 19.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 19-февралы ПЖ № 26

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым

судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Абдухалыков Мелис Асанбековичтин жана Жалалова Марипат Шерматовнанын - 2014-жылдын 20-февралынан баштап;

- Эргешова Мастуранын - 2014-жылдын 3-мартынан баштап.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев