КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2014-жылдын 19-февралы ПЖ № 27
М.А.Абдухалыков, М.Ш.Жалалова жана М.Эргешова жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр кызмат ордун ээлегенди улантсын:
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Абдухалыков Мелис Асанбекович жана Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Жалалова Марипат Шерматовна 2014-жылдын 20-февралынан баштап;
- Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Эргешова Мастура 2014-жылдын 3-мартынан баштап.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |