Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 28-апрели ПЖ № 210
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын бошотуу жөнүндө
Конституциянын 46-статьясындагы 2-пункттун 3-пунктчасына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 11-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр:
- Ашымбек уулу Нурлан берген арызына ылайык 2007-жылдын 3-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Чүй гарнизонунун аскердик сотунун төрагасынын кызматынан;
- Бакирова Нургүл Жакыповна 2007-жылдын 9-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Ош шаардык сотунун судьясынын кызматынан;
- Курманбаев Жекшеналы Анарбекович 2007-жылдын 23-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Нарын облустук сотунун судьясынын кызматынан;
- Молдобаев Амангелди Мурзатович 2007-жылдын 23-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Талас облустук сотунун судьясынын кызматынан;
- Раяпов Болот Овматович 2007-жылдын 23-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Нарын облустук сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматынан;
- Сыдыкова Светлана Калдарбековна 2007-жылдын 19-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |