Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 4-майы ПЖ № 218
А.И.Сорокинди "Данакер" ордени
менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз-Россиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, Көзкаранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин өлкөлөрүндө ардагерлер кыймылын жана Кыргыз Республикасында ардагерлер уюмун түзүүгө жана өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн "Көзкаранды эмес мамлекеттердин ардагерлеринин (пенсионерлеринин) коомдук уюмунун шериктештиги" эларалык союзунун Координациялык кеңешинин төрагасы, флоттун адмиралы Сорокин Алексей Иванович "Данакер" ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |