Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 15-июнундагы ПЖ № 275 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 24-апрели ПЖ № 198
Кыргыз Республикасында радиожыштык спектринин
тилкелерин пайдалануунун айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасына таандык коммерциялык керектелүүчү радиожыштыктар спектрин бөлүштүрүү жана пайдалануу жана бул чөйрөдөгү байланыш кызматын көрсөтүүнү лицензиялоо жагында толук айкындыкка жетишүү жаатында мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоого контролдукту күчөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. GSM стандартындагы ыкчамдуу (уюктук) байланыш кызматы кеңири керектелгендигин жана кыйла инвестициялык кызыкчылык туудургандыгын, ал эми ушул радиожыштык спектри чектелген мамлекеттик ресурс болуп санала тургандыгын эске алуу менен GSM стандартындагы уюктук байланыштын кызмат көрсөтүүсүнө укук берүүнүн өзгөчө уюштуруучулук жана укуктук механизмдерин белгилөө жана радиожыштык спектринин тийиштүү тилкесин берүүнүн конкурстук же аукциондук негизде жүргүзүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү менен GSM стандартындагы уюктук байланыштын кызмат көрсөтүүсүнө укук берүүнү өзгөчө жөнгө салууну жана радиожыштык спектринин тийиштүү тилкесин берүүнү конкурстук же аукциондук негизде жүргүзүүнү караган мыйзам долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. GSM стандартындагы уюктук байланыштын кызмат көрсөтүүсүнө укук берүүнүн жана радиожыштык спектринин тийиштүү тилкелерин берүүнүн тартиби мыйзам менен жөнгө салынганга чейин GSM стандартындагы уюктук байланыштын кызмат көрсөтүүсүнө арыздарды кароону жана лицензия берүүнү убактылуу токтото туруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин сунушуна макулдук берилсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |