Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 29-июну ПЖ № 328
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын,
төрагаларынын орунбасарларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-статьясындагы 6-пункттун 3-абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Адыл уулу Улан - Баткен гарнизонунун аскердик сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Арабаев Бакыт Исаевич - Ош гарнизонунун аскердик сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бактыгулов Басурманкул - Нарын облустук сотунун төрагасынын орунбасарлыгына беш жылдык мөөнөткө;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Тургунбаев Куттубай - Чүй облусундагы Москва райондук сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |