Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 16-майы ПЖ № 253
В.А.Шестопалды III даражадагы
"Манас" ордени менен сыйлоо жөнүндө
Мамлекетке жана Кыргызстан калкына сиңирген эмгеги, республиканын көркөм сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон кыйла салымы үчүн скульптор, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин көркөм сүрөт сабактары кафедрасынын профессору Шестопал Виктор Арнольдович III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |