КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 23-майы ПЖ № 265
"Себат" Эларалык билим берүү мекемесин
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын билим берүү системасын өнүктүрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого, ар кандай тармактар үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн "Себат" Эларалык билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |