Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 2-августу ПЖ № 362
Республиканын куруучуларын мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Курулушка сиңирген эмгеги үчүн:
Абубакиров Равил Муратовичке - "Электромонтаж" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Бярашкина Галина Федоровна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкекбашкыархитектурасынын архитектуралык-пландаштыруу мастерскойунун жолдорду пландоо секторунун жетекчиси;
Жунусов Төлөгөн - "Айбол" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Мияров Бакир - Бишкек шаарынын Мамлекеттик курулуш-архитектуралык көзөмөлү башкармасынын начальниги;
Назанов Болотбек - "Электромонтаж" ачык акционердик коомунун
Назанович Ош облустук филиалынын прорабы;
Оморов Кудайберген - "Юнис-Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыш кыноочусу;
Өмүрканов Сталбек Калыкович - Бишкек шаарынын мэриясынын Көп кабаттуу турак үйлөрдү комплекстүү куруу жана инвестициялоо башкармасынын начальниги;
Супаналиев Рустанбек Сагынбекович - Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасынын начальниги;
Тешебаев Абдилла - Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Үчкоргон ПМКсы" ачык акционердик коомунун директору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |